#

«Медициналык айым иши» адистиги боюнча бакалавр программасын ишке ашыруу боюнча жыйын

январь 30, 2024 229

«Медициналык айым иши» адистиги боюнча бакалавр программасын киргизүү боюнча жыйын Бишкек шаарында өткөрүлдү. Жыйынга Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Асанкулова Махаббат Тунгучбековна, Билим берүү жана илим министрлигинин  Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Найманбаев Азамат Багдатович, ОшМУнун, КЭАУнин жана КММАнын проректорлору жана кафедра башчылары, "Жаркын Кыргызстан" Корея долбоору, Медайымдардын кесиптик ассоциациясы, КМКАнын төрагасы О.Т Станбаев катышышты. 

Бакалавриат программасы Жогорку медициналык окуу жайларга киргизилүүсү замандын талабы. «Медициналык айым иши» адистиги программасы жогорку деңгээлдеги сапаттуу кадрларды даярдоого өбөлгө түзөөрүн белгилөө менен, жалпы саламаттык сактоо мекеме уюмдарына керектүү адистерди бакалавриат, магистратура, аспирантура жана PhD докторантуранын негизинде даярдоо керектиги жана жумушчу топ түзүлүп бардык кызыктар тараптар менен талкулоо белгиленди.

Фото галерея