#

“Медициналык айым иши” адистиги боюнча пилоттук программанын биринчи жылынын аткарылышын баалоо

октябрь 28, 2023 183

"Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо" долбоору эксперт, доктор Бригита Скела Савич менен биргеликте  “Медициналык айым иши” адистиги боюнча пилоттук программанын биринчи жылынын аткарылышын баалоо үчүн пилоттук медициналык колледждерге барышты. Бишкек, Токмок, Нарын медициналык колледждерге жеринде барып таанышты, ал эми ОшМУнун медициналык колледжи жана Өзгөн эл аралык медициналык колледжи менен онлайн жолугушуу болду. 
Эксперттин иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен медайымдык билим берүүнүн учурдагы реформалары боюнча маселелер талкууланып, клиникалык насаатчылар жана мугалимдер менен сандык баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.

Доктор Бригитанын иш сапарынын акыркы этабы процесстин презентациясы жана пилоттук программага жалпы баа берүү болду. Презентацияда баа берүүнүн жыйынтыктары сунушталып, экинчи пилоттук жылга сунуштар иштелип чыкты.

Фото галерея