#

Акушердик билим берүү стандарттарын баалоо жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча техникалык кеңешме

октябрь 12, 2023 135

2023-жылы 11 октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, кесиптик ассоциациялардын, практикалык саламаттыкты сактоонун, медициналык колледждердин катышуусунда акушердик билим берүүнүн стандарттарын баалоо боюнча техникалык кеңешме болуп өттү. Кеңешме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасынын  2019-2030-жылдарга «Дени сак адам - өнүккөн өлкө» өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында жана акушер-гинекологдордун кесиптик сапаттарын жана даярдоо сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Акушердик билим берүүнүн стандарттарынын тегерегиндеги актуалдуу маселелер талкууланды, европалык стандарттарга ылайык сапатты жогорулатуу боюнча ачык-айкын максаттар жана милдеттер белгиленген.

Кеңешмеде КМКАнын трагасы Ө.Т.Станбаев “Дипломго чейики деңгээлде акушерлерди даярдоо” темасында доклад жасады. 

 

 

Фото галерея