#

КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медайымдык жана акушердик иши боюнча Координациялык кеңеши

декабрь 22, 2022 143

2022-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медайымдык жана акушердик иши боюнча Координациялык кеңеш болуп өттү. Координациялык кеңешке Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ассоциациянын, MER долбоорлорунун, «Жаркын Кыргызстан» Кореянын доолборунун жана Медициналык академиянын өкүлдөрү катышты. Орто медициналык билим берүүдөгү, дипломдон кийинки билим берүүдөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланды. Координациялык кеңеште Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы О.Т.Станбаев “Орто медициналык билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар” боюнча баяндама жасады. Талкуудан кийин резолюция кабыл алынды.

 

Фото галерея