
КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 19-апрелдеги №484 "Орто кесиптик билим берүүдөгү "Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык программаны киргизүү жөнүндөгү" буйругун ишке ашыруу максатында 2022-жылдын 29-30-ноябрь күндөрү Ош облусунун медайымдары үчүн тренинг өткөрүлдү. Ушундай эле семинар-тренинг 22-24-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында Чүй облусунун медаймдары үчүн өткөрүлгөн. Катышуучуларга сертификат берилди.