#

“Медициналык айым иши” адистиги боюнча эксперименталдык программа

апрель 25, 2022 152

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасын жана  2019-2023-жылдарга медайымдык билим берүүнү өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана медайым адистеринин ролун жогорулатуу максатында орто кесиптик билим берүүдөгү  “Медициналык айым иши” адистиги боюнча эксперименталдык программаны киргизүү жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 19-апрелдеги №484 буйругу чыкты. Эске сала кетсек  "Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык окуу программасы боюнча 4 колледж: Бишкек медициналык колледжи, Токмок медициналык колледжи, Нарын медициналык колледжи жана Өзгөн эл аралык медициналык колледжи пилоттук болуп бекитилген . Буйрукка ылайык 2022-жылдан жаңы окуу жылынан тартып, аталган колледждер эксперименталдык программа боюнча абутуриенттерди кабыл алат. 
“Медициналык айым иши” адистиги боюнча эксперименталдык программа Кыргызстандагы медайымдык билим берүүнү реформалоо MER проектинин колдоосу менен ишке ашырылууда.