#

Менчик медициналык колледждерди  жабуу жөнүндөгү буйрук боюнча маек.

апрель 24, 2022 128

Саламаттык сактоо министрлигинин өлкөбүздөгү 12 менчик медициналык колледждерди  жабуу жөнүндөгү буйругу боюнча "Марал" радиосунун берген суроосуна Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич  төмөндөгүдөй жооп берди: "Сапаты талапка туура келбеген, начар медициналык колледждер да бар. Бирок баарын жаман дегенге мен макул эмесмин. Бир тараптуу чечим чыгаруу туура эмес. Муну жакшылап талдап, тактап, дагы бир жолу комиссия менен текшерип, анан гана чечим чыгаруу зарыл."