#

Менчик медициналык колледждерди  жабуу жөнүндөгү буйрук боюнча маек.

April 24, 2022 130

Саламаттык сактоо министрлигинин өлкөбүздөгү 12 менчик медициналык колледждерди  жабуу жөнүндөгү буйругу боюнча "Марал" радиосунун берген суроосуна Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич  төмөндөгүдөй жооп берди: "Биздин ушунча чоң көлөмдө бүтүргөн медайымдарыбыз башка өлкөгө барып иштей алышпайт. Ошондуктан бизге көп медициналык колледждердин кереги жок. Саны көп, сапаты жок болуп жатпайбы. Бизге сапаттуу адистер керкек  . Мамлекеттик колледждер сапаттуу адистерди даярдап жатышат. Ошолор эле жетиштүү болот. Белгилеп кетейин, бүгүнкү күндө бизде медайымды 1,5 айда даярдаган окуу курстары бар. Эмне үчүн аларга Билим берүү жана илим министрлиги лицензия берет? Кыскасы, бизге начар даярдалган көп сандагы медайымдын кереги жок. Мамлекетке билим деңгээли бардык талапка жооп бергенквалификациялуу, компетенттүү медайымдар керек. Ооба, сапаты талапка туура келбеген, начар медициналык колледждер да бар. Бирок баарын жаман дегенге мен макул эмесмин. Бир тараптуу чечим чыгаруу туура эмес. Муну жакшылап талдап, тактап, дагы бир жолу комиссия менен текшерип, анан гана чечим чыгаруу зарыл."