#

Медициналык колледждерде комплекстүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

март 2, 2026 41

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде ведомстволор аралык комиссия тарабынан медициналык колледждерде комплекстүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн негизги максаты — учурдагы шартта медициналык колледждердин ишмердүүлүгүнүн абалына мониторинг жүргүзүү, билим берүү процессинин сапатын баалоо, материалдык-техникалык базасын талдоо, ошондой эле орто медициналык кадрларды даярдоонун натыйжалуулугун аныктоо болуп саналат.

Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жыйынтыгы боюнча:
• медициналык колледждердин өнүгүү келечеги аныкталат;
• билим берүү программаларын өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгат;
• эмгек рыногунун талаптарына ылайык реформалоо багыттары белгиленет;
• эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү маселелери каралат.

Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы орто медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, билим берүү уюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө жана саламаттык сактоо системасын квалификациялуу кадрлар менен камсыздоону жакшыртууга багытталат.

Фото галерея