2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган укуктук ченемдик актыларга ылайык медициналык колледждердин мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана окуу пландарын жаңылоо маселелерин талкуулоого арналган Ассоциациянын жалпы чогулушу болуп өттү. Жыйын онлайн форматта уюштурулду.
Жалпы чогулушта медициналык адистиктер боюнча окуу пландарын кайрадан иштеп чыгуу, аларды заманбап талаптарга шайкеш келтирүү жана билим берүү процессине этап-этабы менен киргизүү маселелери каралды. Катышуучулар жаңыланган окуу пландарын даярдоонун жүрүшү тууралуу жооптуу адистердин маалыматтарын угуп, сунуш-пикирлерин билдиришти. Ошондой эле окуу документтерин бекитүүгө даярдоо боюнча уюштуруучулук иштер талкууланды.
Мындан тышкары, медициналык колледждердеги билим берүү сапатын жогорулатуу, окутуу процессин өркүндөтүү жана Ассоциациянын алдыдагы иш пландары боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйынга өлкө боюнча медициналык колледждердин директорлору, директордун орун басарлары жана тиешелүү жооптуу кызматкерлер активдүү катышып, тармактагы актуалдуу маселелерди биргелешип чечүүгө даяр экендигин билдиришти жана семинар уюштурууну сунушташты.