2026-жыл 22-январь күнү Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын (КМКА) жалпы жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ассоциациянын мүчөлөрү жана медициналык колледждердин өкүлдөрү катышып, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы З.А.Долонбаева жыйынды ачып берди.
Жыйындын жүрүшүндө КМКАнын төрагасы Ө.Т. Станбаев 2025-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча кеңири отчеттук баяндама жасап, Ассоциациянын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарын белгиледи. Ошондой эле 2026-жылга карата иш-аракеттер планы тааныштырылып, алдыдагы максаттар жана приоритеттүү багыттар аныкталды.
Мындан тышкары, Ассоциация тарабынан иштелип чыккан жоболор талкууланып, катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылды. Талкуунун жыйынтыгында жоболорду өркүндөтүү боюнча сунуштар эске алынды.
Жыйындын соңунда төрага Ө.Т. Станбаев катышуучулардын суроолоруна жооп берип, Ассоциациянын мындан аркы ишин биргелешип жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.