#

"Медайым иши" адистиги боюнча пилоттук эксперименттик программанын жыйынтыгы боюнча тегерек стол болуп өттү.

ноябрь 11, 2025 79

2025-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, "КР медициналык билим берүүүн реформалоо" долбоорунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле пилоттук медициналык колледждердин директорлорунун катышуусунда "Медициналык айым иши" адистиги боюнча пилоттук эксперименттик программанын жыйынтыгы боюнча тегерек стол болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө эксперименттик программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары талкууланып, катышуучулардын сунуштары жана сын-пикирлери эске алынды. Талкуунун жыйынтыгында бир добуштан төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

1. Эксперименттик программа ийгиликтүү аяктады деп таанылсын.

2. Бардык медициналык колледждерге программаны киргизүү үчүн "Медициналык айым иши" адистиги боюнча Мамлекеттик билим берүү стандартын кайра карап чыгуу жана жаңыртуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.

Фото галерея