#

КМКАнын Республикалык Олимпиадасы - 2025, жыйынтыгы

июль 3, 2025 61

2025-жыл 30-май күнү Кыргызстандагы медициналык колледждердин Ассоциациясынын демилгеси жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен орто медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана медициналык колледждер ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү максатында “Медициналык айым иши” жана “Фармация” адистиктери боюнча Республикалык олимпиада  өткөрүлдү.

Иш-чара эки этап менен уюштурулуп, өлкө боюнча бардык медициналык колледждердин студенттери катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Олимпиаданын максаты

  • 📌 Орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги студенттердин кесиптик даярдык деңгээлин баалоо;
  • 📌 Жаш адистердин өз адистигине болгон кызыгуусун арттыруу жана кесиптик ынтамакты бекемдөө;
  • 📌 Билим берүүдөгү мыкты практикаларды жайылтуу жана окуу жайлардын тажрыйба алмашуусун камсыз кылуу.

 Этаптар боюнча кыскача маалымат

 

🔹 I этап (аймактык/колледждик):
Ар бир медициналык колледж 2025-жылдын 29-апрелинен 10-майына чейин өз базасында ички тандоо жүргүздү.

🔹 II этап (Республикалык):
Негизги этап 30-май күнү онлайн форматта өткөрүлүп, катышуучулар атайын санариптик платформа аркылуу сынактан өтүштү.

 Жеңүүчүлөрдүн ысымдары

 Фармация адистиги боюнча:

🥇 1-орун — Эргешова Ширинкан Усеновна (ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи)
🥈 2-орун — Абдасова Диана Александровна (Кара-Көл медициналык колледжи)
🥉 3-орун — Блогерцева Екатерина Андреевна (Кара-Балта медициналык колледжи)
🥉 3-орун — Руслан кызы Адинай (Нарын медициналык колледжи)

Медициналык айым иши адистиги боюнча:

🥇 1-орун — Жетимишова Нурайым Жетимишовна (Нарын медициналык колледжи)
🥈 2-орун — Шерстюк Анастасия Леонидовна (Кара-Балта медициналык колледжи)
🥉 3-орун — Надырбекова Аида Тилекбаевна (Токмок медициналык колледжи)
🥉 3-орун — Дженышбек кызы Ленура (Майлуу-Суу медициналык колледжи)
🥉 3-орун — Асанкадырова Бегимай Баратовна (Кара-Көл медициналык колледжи)

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бубужан Камчыбековна жана КМКАнын төрагасы О.Т.Станбаев Дипломдорду, акчалай сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшырышты.

Кыргызстандын медициналык колледждеринин Ассоциациясы мындай Республикалык олимпиаданы ар жыл сайын өткөрүүнү салтка айлантып, студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында уюштуруп келет.

Фото галерея