
Кыргызстандын медициналык билим берүү тармагында санариптик технологияларды кеңири жайылтуу максатында иштелип чыккан «Мээрбан» электрондук тиркемеси боюнча кезектеги маалыматтык семинарлар 2025-жылдын 19-июнь, 24-июнь күндөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы медициниалык колледждерде ийгиликтүү өткөрүлдү. Семинар төмөндөгү медициналык колледждерде уюштурулду:
Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулган бул иш-чаралар жергиликтүү медициналык колледждердин жетекчилери, окутуучулары жана методисттери үчүн арналган.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар «Мээрбан» тиркемесинин негизги функциялары жана мазмуну менен таанышышты:
Платформа — медициналык билимге жетүүнү жеңилдетүүчү, билим сапатын жакшыртуучу, заманбап санариптик курал болуп эсептелет.