
Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы заманбап санариптик технологияларга негизделген жаңы долбоорун – “Мээрбан” мобилдик тиркемесин 2025-жылдын 16-апрель күнү Бишкек шаарында өткөн медициналык колледждердин директорлору катышкан тегерек столдо презентациясы боюнча семинар болсо, медициналык колледждерге тынымсыз онлайн семинарлар уюштурулуп, коомчулукка тааныштырып, расмий түрдө ишке киргизди.
Бул тиркеме өлкөдөгү медициналык колледждерде билим алып жаткан студенттер менен окутуучулар жана орто медициналык кызматкерлер үчүн атайын иштелип чыккан. “Мээрбан” билим берүү процессин санариптештирүүгө, окуу материалдарын бирдиктүү платформада жайгаштырууга жана колледждер аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
Тиркемеде төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралган:
Электрондук китепкана: студенттер жана мугалимдер үчүн жеткиликтүү окуу материалдар жана китептер.
Жаңылыктар жана кулактандыруулар: ассоциацияга мүчө колледждердин иш-чаралары, жаңылыктары боюнча ыкчам маалымат алуу.
Кесиптик багыт берүү: студенттер үчүн медициналык кесиптер тууралуу маалымат, адистик тандап алуу боюнча жардам.
КМКАнын "Мээрбан" тиркемеси билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында студенттер, окутуучулар жана медицина кызматкелери үчүн "Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо" долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан. Бул демилге өлкөдө санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, келечекте дагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө.