Кыргызстандын медициналык билим берүү тармагындагы көрүнүктүү окуу жайларынын бири — Талас медициналык колледжи быйылкы жылы өзүнүн 70 жылдык мааракесин кеңири белгилөөдө. Маарекенин алкагында бир катар масштабдуу маданий, илимий жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп, алардын ичинен эң көңүл бурган иш-чаралардын бири – бул волейбол боюнча Кыргызстандагы медициналык колледждердин Ассоциациясынын кубогу болду. Талас медициналык колледжинин 70 жылдыгынын урматына арналган бул иш-чара — билим менен кошо ден соолукту да колдогон, руханий жана кесиптик биримдикти бекемдеген чоң майрамга айланды!
Оюндар курч атаандаштыкта, бирок достук маанайда өтүп, төмөнкү жыйынтыктар чыгарылды:
🥇 1-орун — ОшМУнун медициналык колледжи
🥈 2-орун — Нарын медициналык колледжи
🥉 3-орун — Кызыл-Кыя медициналык колледжи, Ош медициналык колледжи, Ш.Токтомаматов атында ЭАУтин медициналык колледжи.
Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчү командаларга акчалай сыйлыктар, Ассоциациянын атайын Кубогу, Дипломдор жана медалдар тапшырылды. Мындан тышкары, ар бир командадан өзгөчөлөнгөн оюнчулар төмөнкү номинациялар боюнча белгиленип, мыкты оюнчу наамдары жана сыйлыктары менен сыйланышты:
Мыкты чабуулчу
Мыкты коргоочу
Мыкты оюн уюштуруучу
Мыкты капитан
Эң жаш жана келечектүү оюнчу
Эң мыкты оюнчу-директор
Ассоциация Кубогу — ден соолукту чыңдоо менен катар, медициналык колледждер ортосундагы кызматташууну жана достукту бекемдеген маанилүү мелдеш болуп калды.