#

КМКАнын Республикалык Олимпиадасы - 2025

май 15, 2025 436

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи 25 жылдык маарекесин утурлай, орто медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү максатында маанилүү иш-чара өткөрүүдө.

Кыргызстандын медициналык колледждеринин Ассоциациясы менен биргеликте Өзгөн эл аралык медициналык колледжи тарабынан “Медициналык айым иши” жана “Фармация” адистиктери боюнча Республикалык деңгээлдеги олимпиада жарыяланды.

🏆 Олимпиаданын максаты:

  • Орто кесиптик медициналык билим берүү мекемелериндеги студенттердин билимин баалоо;

  • Жаш адистердин өз кесибине болгон кызыгуусун арттыруу жана кесиптик өнүгүүгө дем берүү;

  • Мыкты окуу жайлардын тажрыйбасын бөлүшүү жана билим берүүдөгү мыкты практикаларды жайылтуу.

📌 I этап (аймактык/колледждик):
🗓 29-апрелден 10-майга чейин 2025-жыл
📍 Ар бир медициналык колледж өзүнүн базасында ички тандоо өткөрөт.

📌 II этап (республикалык):
🗓 30-май 2025-жыл
📍 Онлайн форматта атайын платформа менен өткөрүлөт.

Кимдер катыша алат?

  • Кыргыз Республикасынын бардык медициналык колледждеринин “Медициналык айым иши” жана “Фармация” адистигинде окуган студенттери;

  • Ар бир колледж I этаптын жыйынтыгы менен мыкты студенттерди республикалык этапка жөнөтөт.

 Сыйлыктар жана натыйжалар:

  • Жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар, сертификаттар, баалуу белектер жана Ассоциациянын атынан атайын сыйлыктар тапшырылат;

 

ЖОБО 

"Медициналык айым иши" адистигине суроолор

"Фармация" адистигине суроолор

Катышуу үчүн документтер:

1. Паспорттун копиясы

2. Катышуу үчүн студенттин арызы (үлгүсү тиркелет)

3. Колледжде өткөрүлгөн олимпиаданын чечими (протоколдон көчүрмө)

4. AVN боюнча транскрипт (үлгүсү тиркелет)

Байланыш үчүн:

+996 779 214 302  Кыдыкова А.Ж.

kmka17@mail.ru   Тойгелди кызы А.