
2025-жылдын 21–25-апрель күндөрү Бишкек шаарында Бишкек медициналык колледжинин базасында “Орто медициналык персоналды окутууда иммунизациядагы коммуникация көндүмдөрү” аталышында беш күндүк тренинг болуп өттү.
Бул тренингге өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген медициналык колледждердин тажрыйбалуу окутуучулары катышып, заманбап билим берүү методдорун, өзгөчө иммунизация багытындагы коммуникациялык көндүмдөрдү өркүндөтүштү. Окутуучулар теориялык гана эмес, практикалык көндүмдөрдү да өздөштүрүшүп, студенттерге эффективдүү окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүштү.
Тренингдин негизги максаты — орто медициналык билим берүү системасындагы окутуучулардын коммуникация көндүмдөрүн күчөтүү, өзгөчө калк менен иштөөдө туура жана түшүндүрмө маалымат берүү жөндөмүн калыптандыруу. Бул — өзгөчө иммунизация темасы сыяктуу маанилүү тармактарда ишеним жаратуунун негизги факторлорунун бири.
Иш-чара Кыргызстандагы Медайымдардын Кесиптик Ассоциациясы жана Медайымдык жана Акушердик Ишти Өнүктүрүү Борборунун колдоосу менен уюштурулду. Бул уюмдардын ар дайымкы колдоосу жана салымы менен медайымдык билим берүүдө сапат жана кесипкөйлүк деңгээли жогорулап келет.
Тренинг соңунда бардык катышуучулар сертификаттарга ээ болушуп, алган билимин жана көндүмдөрүн өз окуу жайларында колдонууга даяр экендиктерин билдиришти.
Бул сыяктуу тренингдер — билим сапатын жогорулатуу менен бирге, саламаттыкты сактоонун жалпы системасын чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет. Коммуникациянын күчү — элдин ишеничине жана саламаттык деңгээлине түздөн-түз таасир эте турган фактор экендигин эске алганда, мындай иш-чаралардын мааниси өзгөчө чоң.