#

ОшМУнун медициналык колледжинин жетекчилери эл аралык мобилдүүлүктүн алкагында Германияда иш сапарында болду

апрель 21, 2025 51

Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин директору Арынов Замир Сапарбаевич  жана анын тарбия иштери боюнча орун басары Исманалиева Жылдыз Абдимиталиповна 2025-жылдын 7-11-апрель күндөрү Германия Федеративдүү Республикасына иш сапар менен барып келишти. Бул сапар Европа Биримдигинин билим берүү тармагындагы мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулган.

Иш сапардын негизги максаты — медицина тармагындагы заманбап билим берүү технологиялары менен таанышуу, эл аралык кызматташууну бекемдөө жана студенттердин, мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү. Германиядагы алдыңкы медициналык окуу жайлардын жана клиникалардын ишмердүүлүгү менен таанышуу аркылуу билим берүү процессине жаңы ыкмаларды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Сапардын алкагында З.Арынов бир катар университеттердин жана медициналык мекемелердин жетекчилери менен жолугушуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул иш сапар медициналык колледждин эл аралык деңгээлдеги өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, студенттерге сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууда чоң кадам болуп эсептелет.

Фото галерея