
2025-жылдын 15-апрель күнү А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжи "Орто кесиптик окуу жайында студенттерди медициналык профилде окутуунун жана тарбиялоонун заманбап усулдары" аталышында тегерек стол уюштурду. Тегерек столго медициналык колледждердин методистери, окуу-бөлүм башчылары жана окутуучулар катышышты. Тегерек столдун максаты тажрыйба алмашуу, учурдагы билим берүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулоо. Катышуучулар Бишкек медициналык колледжинин окуу базасы менен таанышты.