2025-жыл 17-март күнү Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын жалпы жыйыны болду. Жыйндын күн тартибинде төмөдөгү маселелер каралып, резолюция кабыл алынды. 
КҮН ТАРТИБИ:
	- КМКАнын 2024-жылдагы иш аракеттери боюнча отчету жана 2025-жылгакарата КМКАнын иш планын бекитүү. КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаев.
 
	- Ревизиялык комиссиянын КМКАнын 2024-жыл боюнча финансылык аудити боюнча отчету жана 2025-жылга карата КМКАнын ревизиялык комиссиясынын курамын бекитүү. Комиссия курамы.
 
	- Ар түрдүү маселелер:
 
	-  “Медициналык айым иши” эксперименталдык пилоттук программанын жүрүшү, МАны өткөрүү, жаңы окуу жылына кабыл алуу боюнча укуктук-ченемдик актыларды өзгөртүү боюнча долбоорду ССМ жана ББжИМ сунуштоо.
 
	-  “Мээрбан” тиркемесинин иштетүү боюнча жобосун жана ага жооптуу кызматкердин айлык маянасын талкуулоо, бекитүү, КМКАнын студенттер жана бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жобосун, взносун талкулоо, бекитүү.
 
	- КМКАнын структурасын жана офисин ачуу маселесин карап чыгуу.
 
	- КМКАнын съездин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, бекитүү. Станбаев Ө.Т.
 
	- Мамлекттик стандарттарды түзүү боюнча окуу-методикалык борбору менен биргеликте жумушчу топ түзүү, бекитүү.
 
	- "Медициналык практикада медайымдардын коммуникативдик көндүмдөрү" дисциплинасынын түптүү окуу программасы талкуулоо жана элективдик курстардын катологуна сунуштоо.
 
	- Орто кесиптик медициналык кадрлардын келечекте жогорку билим алуу дистантык окуу программасы иштеп чыгуу.