
2025-жылдын 21-22-февраль күндөрү Казакстан Республикасынын Шымкент шаарынын "№ 2 шаардык ооруканасы" Саламаттык сактоо башкармалыгынын "Медайымдык ишти өнүктүрүү: жетишкендиктер жана көйгөйлөр" темасында медициналык айымдардын эл аралык конференциясы өтүүдө. 21-февраль күнү КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаев "Кыргыз Республикасындагы медайымдык иш боюнча пилоттук эксперименталдык программанын жыйынтыктары жана келечеги" темасында доклад жасады. 22-февраль күнү Бишкек медициналык колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Байдалиева Анар Оморовна "А. Молдогазиев атындагы Бишкектеги медициналык колледжинде медайымдык билим берүүнүн калыптануу тарыхы жана инновациялык технологиялары" темасында доклад жасайт. Аталган конференцияга онлайн форматта Өзгөнэл аралык медициналык колледжинен А.Тойгелди кызы, ОшМУнун медициналык колледжинен Г.Райимжанова катышышты.