#

Свердлов облусунун Өкмөтүнүн жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн ортосунда онлайн жолугушуу болду

февраль 21, 2025 7

2025-жылдын 20-февралында Свердлов облусунун Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн ортосунда Свердлов облусунун жогорку жана орто звенодогу билим берүү мекемелеринде медициналык чөйрөнүн адистерин даярдоо маселелерин талкуулоо үчүн онлайн жолугушуу болуп өттү. Свердлов облусунун делегациясынын биздин өлкөгө боло турган иш сапарынын алдын ала пландары жана билим берүү жана өз ара кызматташуу тармагында тажрыйба алмашуунун актуалдуу маселелери талкууланды.