#

Инновациялык, интерактивдүү симулияциялык борборлорду түзүү боюнча конференция

декабрь 12, 2024 56

2024-жылдын 12-декабрь күнү Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы "Инновациялык, интерактивдүү симулияциялык борборлорду түзүү" маселеси боюнча конференция өткөрдү. КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаев азыркы мезгилдеги Туркиянын, Казахстандын жана ОшМУнун инновациялык, интерактивдүү симулияциялык борборлору менен тааныштырды. Казахстан Республикасынын жоопкерчилиги чектелген шериктештик «SIM-MED» медициналык окуу тренажерлорун жана симуляторлорун иштеп чыккан компания менен меморандум түзүлгөн. Компаниянын негиздөөчүсү Эркебулан Жантилеу (Еркебұлан Жантілеу) конференцияда видео-конференция аркылуу медициналык окуу тренажерлор жана симулятор менен тааныштырып, кызматташуу боюнча маалымат берди. Медициналык колледждердин директорлоу суроолорду берип, маалымат алышты. Конференциянын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу белгиленди.

Фото галерея