#

Медициналык колледждердин типтүү штаттары каралууда

октябрь 17, 2024 7

КРнын Финансы министрлигинин 03.09.2024-жыл №07/463 катынын негизинде Саламаттык сактоо министрлиги 20.09.2024-жыл №1023 буйругу менен орто кесиптик билим берүү уюмдарынын медициналык колледждеринин типтүү штаттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Аталган жумушчу топ өз ишин баштады.

  • Биринчи кадам - азыркы мезгилде иштеп жаткан укуктук ченемдик актыларды тактап, изилдеп чыгуу;
  • Экинчи кадам - Саламаттык сактоо министрлигине караштуу билим берүү мекемелеринин штатын иштеп чыгуу  миссиясын коюлган;
  • Үчүнчү кадам - талкуулоо жана сунуш пикирлерди кабыл алуу.
  • Төртүнчү кадам - Министрлер кабинетине токтом кабыл алууга жиберүү. 

Урматтуу кесиптештер, талкууга активдүү катышып, медициналык колледждеринин типтүү штаттарына байлагыштуу сунуш-пикирлериңиздерди комиссия мүчөлөрүнө бериңиздер.