2024 жыл 17-июлдан тартып 2024-2025-окуу жылына Кыргыз Республикасынындагы медициналык колледждерге абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды.
Медициналык колледждерге абитуриенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/spuz/ аркылуу жүргүзүлөт.
Абитуриенттерди кабыл алуу графиги:
I тур – 17-июль саат 8:00дөн 24-июль саат 17:00гө чейин;
II тур –30-июль саат 8:00дөн 7-август саат 17:00гө чейин;
III тур – 13-август саат 8:00дөн 20-август саат 17:00гө чейин.