Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына карата Өзгөн эл аралык медициналык колледжи “Медициналык айым иши” жана “Фармация” адистиктери боюнча медициналык колледждер арасында Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын республикалык олимпиадасын өткөрөт. Олимпиада 2 этап менен өткөрүлөт: 1- этап Медициналык колледждерде 29.04.24 - 10.05.2024, 2 -этап Республикалык олимпиада 20.05.2024 онлайн өткөрүлөт.
"Медициналык айым иши" адистигине суроолор
"Фармация" адистигине суроолор
Катышуу үчүн документтер:
1. Паспорттун копиясы
2. Катышуу үчүн студенттин арызы (үлгүсү тиркелет)
3. Колледжде өткөрүлгөн олимпиаданын чечими (протоколдон көчүрмө)
4. AVN боюнча транскрипт (үлгүсү тиркелет)
Байланыш үчүн:
+996 779 214 302 Кыдыкова Айпери Жетимишовна
kmka17@mail.ru Тойгелди кызы Айчүрөк