#

Казакстандагы DARYA SCAFFOLD тренингине КМКАнын төрагасы катышууда

апрель 16, 2024 62

2024-жылдын 15-апрелден 19-апрелге чейин 250дөн ашуун педагогдор Казакстандын Астана шаарында Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан уюштурулган бир жумалык ы DARYA SCAFFOLD тренингдерге катышууда. Аталган тренинге Ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев да катышууда. 

Борбор Азиядан келген мугалимдер бир жумалык тренингде ЕБ тарабынан иштелип чыккан SCAFFOLD жаңы инновациялык уникалдуу куралын үйрөнүп жатышат. Бул демилге Европа Биримдиги тарабынан Казакстан Республикасынын Билим берүү министрлиги менен биргеликте уюштурулуп, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле ЕБ тарабынан каржыланган DARYA долбоорунун алкагында аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. 

SCAFFOLD Европалык окутуу фонду (ETF) жана Европа комиссиясынын биргелешкен изилдөө борбору (JRC) тарабынан иштелип чыккан курал. Ал педагогдорго бардык компетенттүүлүк системаларына мүнөздүү болгон кайчылаш компетенциялардын ортосундагы байланыштарды изилдөөгө жардам берет жана окутуучуларга окуу максаттарына, жеткиликтүү ресурстарга, окуу мейкиндигине жана узактыгына жараша окутуунун натыйжаларын аныктоого жана топтоого жардам берет.

 

Фото галерея