#

Эл аралык деңгээлде кучак жайган "Академиялык мобилдүүлүк"

март 7, 2024 42

2024-жылдын 4-марты күнү Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин "Ортопедиялык Стоматология" бөлүмүнүн окутуучусу, ПЦКнын төрагасы Өмүрбеков Бексултан Өмүрбекович кезектеги "Академиялык мобилдүүлүктү" ишке ашыруу алкагында Республика Казахстандын "Авиценна" Жогорку медициналык колледжинин" ДТ-203 группасына Эл аралык ачык сабакка жооп иретинде "Тиш оорууларынын негиздери жана жугуштуу ооруулардын  коопсуздугу" дисциплинасы боюнча "Катуу тиш ткандарынын гиперестезиясы " аттуу темада онлайн сабак өттү.
Эл аралык ачык сабакты уюштурууга  "Тажрыйбалык окуу" бөлүмүнүн башчысы Динара Акматбекова, окуу бөлүмүнүн башчысы Элдан Данилов жана "Ортопедиялык Стоматология" бөлүмүнүн окутуучусу Назарбеков Ринат катышты.Эл аралык ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп, усулдук жактан талаптарга жооп берип, өз максатына жетти. 

Фото галерея