#

"Медициналык айым иши" адистигинин прикладдык бакалавриат программасы боюнча жумушчу жыйын өттү

январь 17, 2024 104

Бүгүн, 2024-жыл 17-январь күнү Бишкекте «Медициналык айым иши» адистиги боюнча прикладдык бакалавриат программасын ишке ашыруу боюнча Казакстандын тажрыйбасы боюнча жумушчу жыйын болуп өттү. Жыйынга КРнын Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү, КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаев, Медайым адистеринин ассоциациясынын төрайымы А.К.Асанова, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлдөрү жана пилоттук колледждердин директорлору катышышты. Келечекте прикладдык бакалавриаттын укутук-ченемдик актыларын түзүү  боюнча жумушчу топ түзүлүп, алдыга иш чаралар белгиленди. Жумушчу жыйын "Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо" MER  долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.   

ПРОГРАММАСЫ  

 

Фото галерея