#

"Данк" ордендүү БМК

сентябрь 28, 2023 110

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата жана өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык, маданий өсүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан , 95 - жылдык бай тарыхы бар Бишкек медициналык колледжи Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгына ылайык "Даңк" ордени менен сыйланды. БМКнын жалпы эмгек жамааты сыймыктуу сыйлыгы менен куттуктайбыз. Мындан 56 жыл мурда,1967- жылы андагы Фрунзе медициналык училищасы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Жарлыгы менен "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. Бул сыйлык, Кыргыз ССРнин медицина тармагындагы окуу жайларындагы эң алгачкы орден болгон. Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында Бишкек медициналык колледжи эң алгачкы ордендүү медициналык колледж болду. 

Ошондой эл "КМШнын мыкты педагогу - 2023" аралык сынакта байгелүү орундарды ээлеген БМКнын окутуучулары Э.Д.Даниловдун жана А.А.Мамаюсупованын жеңиштери менен жалпы жамаатты куттуктайбыз. Сыйлык силердики, сыймык биздики!  

https://www.bmk.kg 

 

Фото галерея