#

Швейцариялык долбоорлорго мониторинг сапары

июнь 1, 2023 126

2023-жылдын 31-май, 1-июнь күндөрү Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин SDC программасынын улук координатору Э.А.Мураталиева "Швейцариялык долбоорлорго мониторинг" сапарынын алкагында ОшМУнун медициналык колледжине жана Өзгөн эл аралык медициналык колледжине иш сапар менен келди.  Иш сапардын максаты "Медициналык айым иши" адистигинин пилоттук экспериметалдык программа боюнча мониторинг жүргүзүү. Иш сапардын жүрүшүндө колледждердин окутуучулук курамы менен жолугуп, эксперименталдык программа жөнүндө окутуучулардын ой-пикирлерин укту. Андан соң практика өтүп жаткан студентер жана клиникалык насаатчылар менен клиникалык базаларда жолугуп, алар менен учурдагы жана алдыдагы актуалдуу проблемалар жөнүндө баарлашты. 

Фото галерея