#

"Илим менен билимди ааламдаштыруу жана интернационалдаштыруу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция

май 27, 2023 114

2023-жылдын 26-май күнү КМКАнын трагасы О.Т.Станбаев Жалал-Абад шаарындагы  К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин 30 жылдык жана анын негиздөөчүсү э.и.д., профессор, РМА академиги Канторо Шарипович Токтомаматовдун 75 жылдык юбилейине арналган "IV Токтомаматовдун окуулары" илимий иш чарасынын алкагында "Илим менен билимди ааламдаштыруу жана интернационалдаштыруу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференциянын жүрүшүндө О.Т.Станбаев "Ааламдашуу жана санариптештирүү доорундагы заманбап медицина: ата мекендик жана чет элдик тажрыйба" аталышындагы 8-секцияга төрагалык кылып, актууалдуу илимий макалалардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде сыйлыктарды тапшырды. Конференциянын алкагында К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык медициналык колледждин материалдык -техникалык базасы менен таанышты.    

Фото галерея