#

Орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги сапатты башкаруу системасы боюнча семинар

май 16, 2023 108

2023-жылдын 12-13-майында Бишкек шаарында орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги сапат менеджменти системасы боюнча семинар болуп өттү. Тренерлер – Таштобаева Бурул жана Нуруева Жаңыл – сапат менеджмент системасы жаатындагы эксперттер. Семинардын максаты орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелеринде сапат менеджмент системасын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун механизмдерин жана жол-жоболорун талкуулоо болду. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Сапат менеджмент системасын практикалык колдонууну, иш-чараларды пландаштырууну жана документтештирүү процесстерин өздөштүрүштү. Экинчи күн орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги иш-чараларды пландаштырууга арналды.

Фото галерея