#

Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын "Стратегиялык пландоосу"

март 29, 2023 341

Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясынын ишмердүүлүгүн натыйжалуу пландаштыруу үчүн стратегиялык пландаштыруунун ыкмалары жана андан ары пайдалануу үчүн практикалык ыкмалар жөнүндө маалымат берүү максатында КМКА жана MER долбору "КМКАнын стратегиялык пландоосу" боюнча тренинг уюштурду. Тренинг 29-30-март күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлдү жана ага КМКАнын мүчөлөрү катышты. "Гражданское согласие" уюмунун тренерлери Аида Курбанова жана Чолпон Акматова ассоциациянын негизги документи болгон Стратегиялык планды жазуунун эрежелер, методикасы менен тааныштырып, катышуучулар топтордо иштешти. Тренингдин жыйынтыгында Стратегиялык планды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү жана катышуучуларга сертификат берилди.   

Фото галерея