#

“Медициналык айым иши" адистигинин эксперменталдык программасы боюнча маалымат берилди

март 10, 2023 123

2023-жылдын  6-март күнү КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин кезектеги кеңешмесинде күн тартибиндеги 3-маселеге ылайык “Медициналык айым иши" адистигинин эксперменталдык программасынын жүрүшү боюнча маалымат берилди. Маалыматты Бишкек медициналык колледжинин жетекчилиги даярдап, аны БМКнын директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары М.Ы.Шатманалиев тааныштырды. Кеңешмеде маалыматтык отчет жакшы кабыл алынды жана жактырылды. Баардык кызыктырган суроолорго толук жооп берилди.

Фото галерея