#

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо

июнь 24, 2022 211

2022-жылдын 24-июнь күнү 18-июнда Жалал-Абад медициналык колледжинде медициналык колледждер арасында өткөрүлгөн "Медициналык айым иши" адистиги боюнча Республикалык олимпиаданын түштүк регионундагы медициналык молледждердин жеңүүчүлөрүнө Ассоциациянын 18.06.2022 жылдагы №10 буйругуна ылайык Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иш чара ОшМУда өткөрүлдү.

Бишкек шаарындагы сыйлыктарды тапшыруу аземин Ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев ачып берип, кесиптештерин жана бардык саламаттык сактоо тармагнын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Иш чарага медициналык колледждин окутуучулары, директорлору жана саламаттык сактоо министрлигинен өкүлдөр катышты. 

Олимпиданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги Жусупбекова Нурида Эркинбековна тапшырды. 

  1. Биринчи орун Бишкек медициналык колледжинин студенти Бекматова Альбина Борисовна 1-даражадагы диплом жана 5000(беш миң)сом акчалай сыйлык.
  2. Экинчи орун Н.И.Пирогов атындагы медициналык колледжинин студенти Ахметова Сауле 2-даражадагы диплом жана 3000(үч миң)сом акчалай сыйлык.
  3. Экинчи орун Талас медициналык колледждин студенти Темирбекова Жанара Эркинбековна 2-даражадагы диплом жана 3000(үч миң)сом акчалай сыйлык.

Фото галерея