#

Олимпиада

июнь 18, 2022 225

2022-жылдын 18-июнь күнү Кыргызстандагы медициналык колледждердин Ассоцациясынын 16.06.2022-жылдагы №8 буйругунун негизинде медициналык колледждер арасында "Медициналык айым иш" адистигинин боюнча Республикалык олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада 2 турдан туруп, биринчи тур медициналык колледждердин базасында өкөрүлгөн, ал эми экинчи туру Жалал-Абад медициналык колледжинин базасында онлайн форматта өткөрүлдү. 
Олимпиаданы Кыргызстандагы медициналык колледждердин Ассоцациясынын төрагасы Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич ачып берди. 
Комиссия курамы практикалык медицина кызматкерлеринен төмөндөгүдөй курамда түзүлгөн: Жалал-Абад областык медициналык маалымат борборунун директору - Чодуева Гулбара Чырмашевна комиссиянын торайымы, ЖАОКБнын  анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн улуу медайымы -  Кебекбаева Анаркул Исабаевна; ЖАОКБнын Сезимтал оорулар бөлүмүнүн улуу медайымы. Олимпиаданын жүрүшү онлайн платформанын жардамы менен башынан аягына чейин көзөмөлдөндү.
Олимпиадага республика боюнча 18 медициналык колледждин студенттери катышып, жыйынтыгында Бишкек медициналык колледжинин студенти Бекматова Альбина Борисовна 84 балл менен 1-орунга, Н.И.Пирогов атындагы МК студенти -Ахметова Сауле жана Талас медициналык колледждин студенти -Темирбека Жанара Эркинбековна 74 балл менен 2-орунга, ОшМУ алдындагы медициналык колледждин студенти - Мойдунова Чолпонай Абдимиталиповна 72 балл менен  3-орунга ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө Ассоциациянын дипломдору жана акчалай сыйлыктары, ал эми олимпиаданын жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөргөнү үчүн Жалал-Абад медициналык колледжине Ардак грамота тапшырылды.

Фото галерея