#

Япония элчилигинин Бишкек медициналык колледжине атайын иш сапары

июнь 10, 2022 117

2021-жылы 15-мартта КРдагы Япония Элчилиги менен Бишкек медициналык колледжинин ортосундагы кол коюлган келишимдин негизинде " Чөп тамырлары жана адам коопсуздугу" Грант- келишимдин  алкагында   Бишкек медициналык колледжине   62735 долларлык медициналык ар кандай жабдыктарды жана шаймандарды тапшыруу аземи болду. Бул долбоор КРда 1996-жылдан бери иштеп келет. Бүгүн Япония элчилиги , ушул долбоордун алкагында Бишкек медициналык колледжинин студенттеринин окуу шарттарын жакшыртуу максатында тапшырып жаткан медициналык жабдыктар жана шаймандар, БМКнын материалдык-техникалык базасын чыңдоого зор салымын кошот деп ишенебиз. Бул иш-чарага КРнын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучунун  орун басарлары Садыков У.А, Арыкбаева Б.К. жана Япония мамлекетинин тышкы иштер министрлигинин парламенттик вице-министри Таро Хонда , Япониянын КРдагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда катышышты.Өз сөзүндө Таро Хонда мырза мындай эки тараптуу кызматташуу келечекте дагы уланарына жана жыйынтыктары алгылыктуу болооруна ишенерин билдирди. БМКнын директору Ч.С.Усубалиева Япония өкмөтүнө  жана КРдагы элчилигине колледждин жалпы жамаатынын  атынан ыраазычылык айтып, БМК эки тараптуу кызматташууну кубаттайт жана ар тараптуу  өнүктүрүү үчүн даяр деди. Медициналык жабдууларды жана шаймандарды тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө жыйынтыкталып, бул иш-чара кенен-кесири республикабыздын бардык аймактарында телевидение аркылуу чагылдырылды. 

Фото галерея