#

Медайымдардын жана акушерлердин Эл аралык күнү Ош шаарында белгиленди

май 12, 2022 167

Саламаттык сактоо министрлигинин  12.04.2022 жылдагы №451 буйругуна ылайык 2022-жыл 12-май күнү Ош шаарында 5-май Акушерлердин жана 12-май Медайымдардын Эл аралык күнү Ош шаардык клиникалык ооруканасынын базасында өткөрүлдү. Иш чарада Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, өлкөбүздүн ар аймактарында орто медициналык кызмат көрсөтүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге Ардак грамоталарды жана төш белгилерди тапшырды.

Аталган иш чарага "Медициналык айым ишин" реформалоо долбоорунун ишке ашырып жаткан MER долбоорунун эксперти профессор д-р Бригита Скела-Савич жана Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын трагасы О.Т.Станбаев катышышты. Өлкөбүздүн дарылоо мекемелернде эмгектенүү менен бирге студенттерге билим берип келген клиникалык насаатчыларга Кыргызстанда орто кесиптик медициналык адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн КМКАнын АРДАК ГРАМОТАСЫ тапшырылды. 

 

Фото галерея