#

"Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык окуу планын ишке ашыруу

апрель 24, 2022 208

2022-жылдын 23-апрелинде Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинде MER долбоорунун директору профессор Бруно Лаб, долбоордун жергиликтүү командасынын жетекчиси Орозалиева Гүлзат Сабырбековна, профессионалдык ассоциациялардын потенциалын жогорулатуу боюнча долбоордун координатору Азимова Айгуль Асанбаевна, медайымдык билим берүү боюнча долбоордун координатору Мамбетова Алтынай Касымбековна менен жолугушуу болду. Сапардын программасына ылайык, тараптар медайымдык билим берүүнү реформалоонун актуалдуу маселелерин жана этаптарын талкуулашты, клиникалык базалар жана клиникалык насаатчылар менен таанышышты. Медайымдык иш боюнча пилоттук даярдоо программасын ишке ашыруунун негизги этаптары аныкталды.

Фото галерея