#

Төраганын кайрылуусу

декабрь 1, 2022 200

Урматтуу коллегалар, пилоттук 5 колледж экперименталдык  программаны ишке ашыруу боюнча күнү-түнү иш аракеттерин жүргүзүп келишүүдө, керек болсо жайкы эс алуу мезгилинде да иш алып барылды. Окуу пландар, НКББПларын түзүү, окутуунун натыйжасына ылайык компетенцияларды калыптандыруу, типтүү программаларды түзүү иштери аткарылды жана  келечекте сиздерге даярдалып жатат. Саламаттык сактоо уюмунан клиникалык насаатчылар окутулууда, себеби жаңы эксперименталдык программа боюнча 50% окуу процесси клиникалык базаларда жүргүзүлөт.  Кээ бир колледждер “Пилоттук программага кирбей калдык”- деп капа болбонуздар. Чечим ССМнен чыгат жана мамлекеттин деңгээлинде чечилген маселе. Пилоттук программа натыйжалуу болсо, келечекте бардык колледждер ушул программа менен окутасыздар жана Сиздер үчүн да семинар-тренинг жана башка иш чаралар уюштурулат. Барыбыз позитивтүү колдоп, түшүнүү менен мамле жасайлы.

MER проектине, координатор Алтынай Касымбековнага жана Гульлжахан Пазыловнанын командасына ыразычылык билдиребиз.

Сиздерди терең урматоо менен, КМКАнын төрагасы Станбаев Ө.Т.