10-июлдан тарта 2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды.
Абитуриенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/spuz аркылуу жүргүзүлөт.
КООЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу графиги:
I тур – 10-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 17:00гө чейин;
II тур –28-июль саат 8:00дөн 7-август саат 17:00гө чейин;
III тур – 14-август саат 8:00дөн 24-август саат 17:00гө чейин.
Кыргызстанда орто медициналык кадрларды даярдаган 27 медициналык колледж бар.
Медициналык колледждер төмөндөгү НКББП боюнча адистиктерди даярдашат
№ Шифр Адистиктер
1 060101 Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
2 060102 Акушердик иши 2 жыл 10 ай
3 060104 Медициналык-профилактикалык иши 2 жыл 10 ай
4 060106 Ортопедиялык стоматология 2 жыл 10 ай
5 060107 Профилактикалык стоматология 2 жыл 10 ай
6 060108 Фармация 2 жыл 10 ай
7 060109 Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
8 060110 Лабораториялык диагностика 2 жыл 10 ай
9 060112 Медициналык массаж 2 жыл
10 060113 Физикалык терапия 9-класс 2 жыл 10 ай, 11-класс 1 жыл 10 ай