Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН ДИРЕКТОРЛОРУНУН БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

сентябрь 19, 2025 169

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү 2 медициналык билим берүү уюмдарындагы бош кызмат орундарына документтерди кабыл алат:

  • Талас медициналык колледжинин директору

Дареги: Талас шаары, Манас көч., 199

  • Ош медициналык колледжинин директору

Дареги: Ош облусу, Ош шаары, Салиев көч., 57

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер үчүн бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медициналык колледждердин директорлук кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:       

- жогорку кесиптик медициналык билимдүү;

- медициналык билим берүү уюмдарында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбалуу;

- жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы.

Билими

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү, билим берүү мекемелеринин били берүү, илимий, өндүрүштүк-чарбалык жана финансы-экономикалык ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар, 

- Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары;

- билим берүү системаларын башкаруунун теориясын жана методдору;

- Калктын саламаттыгы, илимий жетишкендиктери жана орто кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы чет өлкөлүк билим берүү уюмдарынын алдыңкы тажрыйбасы жөнүндө.

Медициналык колледждин директору соттулугу бар, соттун чечеми боюнча белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам окуу жайдын жетекчиси боло албайт.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

-Паспорт;

-Арыз;

-кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефонун көрсөтүү менен);

-Резюме 

-белгиленген тартипте күбөлүндүргөн билим жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

-белгиленген тартипте күбөлүндүрүлгөн эмгек китепчесин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

-Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;

-Дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган );

-Нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт.

 

 Бардык документтер папкага салынып, министрликтин med.kg сайтында жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде (2025-жылдын 16-сентябрынан тартын 2025-жылдын 30-сентябрына чейин) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана укутук камсыздоо башкармалыгына тапшырылышы зарыл.  Бишкек ш., Москва көч., 148, № 5, каб. Маалымат телефону: 0312 66-35-35

Эскертүү: Талаптарга жооп берген гана катышуучулар сынакка катышууга чакырылат. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почталар сөзсүз көрсөтүлүшү абзел.

Толук маалымат