#

ОшМУнун медициналык колледжинин директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Арынов Замирбек Сапарбаевич жана окутуучусу Чотурова Уулкыз Япония мамлекетине иш сапары менен барып келишти.

March 19, 2026 35

ОшМУнун медициналык колледжинин директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Арынов Замирбек Сапарбаевич жана «Медайым ишинин негиздери» ПЦКсынын окутуучусу Чотурова Уулкыз 2026-жылдын 22-28-февраль күндөрү  Япония мамлекетине иш сапары менен барып келишти.

Иш сапардын алкагында алар Япониянын Осака жана Токио шаарларында жайгашкан улгайган адамдарды кароо жана социалдык колдоо көрсөтүүчү мекемелердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты. Бул мекемелердеги заманбап тейлөө ыкмалары, медайымдык жардам көрсөтүүнүн сапаты жана карыларга багытталган комплекстүү кам көрүү системасы өзгөчө кызыгууну жаратты.

Мындан тышкары, делегация Токио университети жана Васеда университети сыяктуу алдыңкы жогорку окуу жайларында болуп, медициналык билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашуу жүргүзүштү. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Бул иш сапар эл аралык байланыштарды чыңдоого, медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана заманбап тажрыйбаларды Кыргызстандын медициналык билим берүү системасына киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Photo gallery