Бүгүн, 17-март күнү Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы менен КГП «Костанай жогорку медициналык колледжи» (Костанай облусунун акиматынын Саламаттык сактоо башкармалыгы) ортосунда онлайн форматта кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Кыргыз Республикасындагы медициналык колледждердин директорлору катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар орто кесиптик медициналык билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, билим берүү программаларын өркүндөтүү, тажрыйба алмашуу, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу маселелери каралды.
Ошондой эле заманбап билим берүү технологияларын колдонуу, окуу процессин санариптештирүү жана эл аралык стандарттарга ылайык адистерди даярдоо багытында биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча сунуштар айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришип, келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.