#

Орто кесиптик медициналык билим берүү боюнча эксперт наамы ыйгарылды

March 5, 2026 7

Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын 2026-жылдын 20-январындагы №1-26 «Мамлекеттик стандарттарды кайрадан карап чыгуу жана үлгүлүү окуу пландарын даярдоо жөнүндө» буйругунун негизинде орто кесиптик медициналык билим берүү багытында иш алып барган эксперттерге тиешелүү сертификаттар ыйгарылды.

Аталган буйрукка ылайык, мамлекеттик билим берүү стандарттарын жаңылоо, компетенттүүлүккө негизделген окутуу ыкмаларын киргизүү жана адистиктер боюнча үлгүлүү окуу пландарын иштеп чыгуу максатында түзүлгөн жумушчу топтор өз ишмердүүлүгүн жигердүү жүргүзүштү. Жумушчу топтун курамында активдүү катышып, билим берүү мазмунун өркүндөтүүгө жана сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошкон адистерге «Орто кесиптик медициналык билим берүү боюнча эксперт» наамы ыйгарылып, сертификаттар тапшырылды.

Бул иш-чара орто кесиптик медициналык билим берүү системасын өнүктүрүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана заманбап талаптарга ылайык адистерди даярдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Photo gallery