#

Медициналык билим берүүдө санариптик чечимдер: «Мээрбан» тиркемеси боюнча медициналык колледждердин жетекчилери жана жумушчу топ үчүн онлайн семинар өткөрүлдү

June 17, 2025 40

Медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, Кыргызстандын Медициналык колледждер ассоциациясы  «Мээрбан» мобилдик тиркемесин жайылтуу боюнча иш-чараларды улантууда.

2025-жылдын июнь айында КМКАнын демилгеси менен медициналык колледждердин директорлору, жумушчу топ жана окутуучулары үчүн онлайн форматта кезектеги семинар болуп өттү. Бул семинардын негизги максаты — билим берүү процесстерин санариптештирүү аркылуу аймактык колледждердин потенциалын жогорулатуу жана заманбап билим берүү ресурстары менен камсыздоо болду.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги темалар каралды:

  • «Мээрбан» тиркемесинин функциялары жана колдонуу тартиби;
  • Студенттер, окутуучулар жана медицина кызматкерлери үчүн жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр;
  • Окуу материалдарын жана тесттерди түзүү, жайгаштыруу жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрү;
  • Платформанын билим сапатына тийгизген оң таасири жана практикалык пайдалуулугу.

Иш-чаранын катышуучуларына тиркемени колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилди жана реалдуу мисалдар аркылуу анын эффективдүүлүгү далилденди. Мындан сырткары, колледж жетекчилери жана окутуучулар тиркеме боюнча өз ойлорун жана сунуштарын бөлүшүп, пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

КМКАнын төрагасыӨ.Т.Станбаев белгилегендей, «Мээрбан» тиркемеси өлкөдөгү медициналык билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашууну жана бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүнү көздөйт. Бул платформа студенттерге сапаттуу билимге кеңири жетүү мүмкүнчүлүгүн берип, билим берүү системасында тең укуктуулукту камсыз кылууга көмөктөшөт.

Онлайн семинар жыйынтыгында катышуучулар тиркемени билим берүү процессине активдүү интеграциялоого даяр экендиктерин билдиришти жана мындай иш-чаралардын үзгүлтүксүз өткөрүлүшү зарыл экенин белгилешти.

Кыргызстандын Медициналык колледждер ассоциациясы медициналык билим берүүнү өнүктүрүүдө санариптик технологиялардын маанисин эске алуу менен, мындан аркы ишмердүүлүгүндө да инновациялык чечимдерди колдоону улантат.

Photo gallery