#

Кыргызстандагы медициналык колледждердин директорлору Саламаттык сактоо министри менен жолугушту

April 18, 2025 119

2025-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Э.М. Чечебаев жана Кыргызстандын медициналык колледждер ассоциациясынын директорлору менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Саламаттык сактоо министрлигинин финансы бөлүмүнүн жана кадрлар башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун негизги темасы – Кыргыз Республикасында орто медициналык билим берүүнүн учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги болду.
Кыргызстандын медициналык колледждер ассоциациясынын президенти орто медициналык билим берүү тармагындагы жетишкендиктер боюнча маалымат берип, реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Айрыкча, “Сестринское дело” адистиги боюнча пилоттук эксперименталдык программа беш медициналык колледжде ишке ашып жатканын, ал эми 16-17-апрелде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын акыркы кароосу болгонун айтты.
Кыргызстанда физиотерапия жардамчыларын даярдоо боюнча программа ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул программаны учурда беш медициналык колледж жүргүзүп жатат. Ошондой эле, бир медициналык колледж эрготерапия, эрготерапия жардамчысы жана бакалаврдык программа боюнча окуу жүргүзүп, бул практика Кыргыз Республикасында уникалдуу болуп эсептелет.
Жолугушууда орто медициналык билим берүүгө байланыштуу нормативдик-укуктук актыларды кайра карап чыгуу маселеси да көтөрүлдү. Бардык сунуштар Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлүп, биргелешип ишке ашыруу пландалууда.
Колледж директорлору учурдагы көйгөйлөрдү айтып, аларды чечүүнүн жолдорун да сунушташты.
Бир катар жетишкендиктерге карабастан, министрликке караштуу медициналык колледждерде эмгек акынын аздыгы чоң көйгөй бойдон калууда. 2019-жылдан бери бул жаатта көтөрүлүү болгон эмес. Ошол эле учурда, Билим берүү министрлигиндеги мугалимдер менен Саламаттык сактоо системасындагы дарыгерлердин айлык акысы эки жолу көтөрүлгөн.
Учурда медициналык колледждердеги мугалимдердин орточо айлыгы 14–16 миң сомду түзөт. Бул кадрлардын тез алмашуусуна, жаштардын келбей калышына алып келүүдө жана орто медициналык кызматкерлерди даярдоонун сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
Министр Э.М. Чечебаев финансы жана билим берүү бөлүмдөрүнө медициналык колледждердин окутуучуларынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча тиешелүү нормативдик актыларды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Жолугушууга катышкандар орто медициналык билим берүү системасынын өнүгүшүнө чоң маани берерин баса белгилешип, бардык көйгөйлөр жакын арада чечилет деген ишенимин билдиришти.

 

Photo gallery