#

Медайымдык билим берүүнү жана медайым ишин өнүктүрүүгө арналган тегерек стол болду

June 28, 2024 148

Бүгүн, 2024-жыл 28-июнь күнү Бишкек шаарында КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин 21.06.2024 №671 буйругуна ылайык медайымдык билим берүүнү жана медайым ишин өнүктүрүүгө арналган тегерек стол өттү. Аталган тегерек столго КРнын Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү, КРнын медицина тармагындагы алдыңкы адистер жана эксперттер,  "Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо" (MER) долбоорунун директору Бруно Лаб жана экесперти Бригита Скела Савич, Швейцариянын КРдагы Элчилигинин билим берүү программаларынын улук координатору Э.Мураталиева, КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаев, Медайымдар кесиптиик ассоциациясынын өкүлдөрү, ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков, И.К.Ахунбаева атындагы КММАнын ректору И.О.Кудайбергенова, медициналык колледждердин директорлору: Ч.С.Усубалиева, Т.Б.Арпачиева, Э.Ч.Асаналиева, З.С.Арынов жана директорлордун орун басарлары, ДСУнун, GIZдин, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жана "Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо" (MER) долбоорунун командасы катышышты. 

Төмөндөгү темалар талкууланды:

  1. 2024-2030-жылдарга акушердик жана медайымдык ишти өнүктүрүү программасы; 
  2. “Медициналык айым иши” адистиги боюнча эки жылдык пилоттук программанын алгачкы жыйынтыктарын жана 3-курстун мындан аркы кадамдарын талкуулоо; 
  3. Кыргыз Республикасынын медициналык колледждеринде “Медициналык айым иши” адистиги боюнча прикладдык бакалаврды киргизүү.

Катышуучулар билим берүү стандарттарын жакшыртуу жана квалификациялуу адистерди даярдоо маселелерин активдүү талкуулашты. Иш чаранын жүрүшүндө Медайымдар, медициналык колледждердин окутуучулары жана студенттери үчүн иштелип чыккан "Мээрбан" мобилдик тиркемесинин презентациясы болду. "Мээрбан" тиркемеси колдонуучуларды медицина тармагындагы адабияттар, нормативдик-укуктук ченемдик актылар, стандарттык операциялык процедуралар (СОП), квалификациялык тесттер ж.б. эң керектүү маалыматтар менен камсыздайт жана тынымсыз жаңыланып турат.  

Photo gallery